АНТИСЕМИТИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:06, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТИСЕМИТИЗМ еврейлерге карата этникалык жана диний жактан жерүү саясаты; аларды чектеп, куугунтуктап, массалык түрдө кырууга багытталган шовинизмдин өтө ашынган формасы. А. термини 19-к-дын 70–80-жылдарында пайда болгон. Узак мезгил бою А. улут аралык чатактарды туудурган каражат катары саясий күчтөр тарабынан пайдаланылган А-дин ашынган түрү германдык фашизмдин негизги идеясына айланган. Натыйжада Германиядагы жана немецтик-фашисттик аскерлер каратып алган аймактарда 1938–45-ж. 4-6 млнго чейин еврей калкы жок кылынган.