АНТИПРОТОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:06, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТИПРОТОН ) – протондун туруктуу (стабилдүү) антибөлүкчөсү. А. менен протондун массасы жана спини барабар, электр заряды жана магнит моментинин абс. чондугу бирдей, бирок белгилери карама-каршы. А-нын электр заряды терс маанилүү. 1955-ж. О. Чемберлен, Э. Сегре ж. б. (АКШ) табышкан. Бариондордун сакталуу законуна ылайык А. менен протон бирге пайда болушат. А. жуп бөлүкчөлөр эки бош протон кагылышканда пайда болот. А. зат аркылуу өткөндө аннигиляцияланып, жаңы бөлүкчөлөрдү пайда кылат.