АНТИМОНИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:58, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТИМОНИТ (латынча antimonium – сурьма), сурьма жылтырагы, стибнит – минерал. Сульфиддер классына кирет. Химиялык формуласы Sb2S3. Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү боз металл сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2–2,5. Салыштырма салмагы 4,6. Кычкылдануу зонасында сурьма кычкылдарын жана кычкылтектүү бирикмелерди пайда кылат. Антимонит сурьманын негизги кенташы. Негизинен эритме

Файл:АНТИМОНЙТ 115.png

кошундуларды (подшипниктер үчүн баббиттерди) жасоодо кеңири колдонулат. Ошондой эле сурьма кошундусу резина өнөр жай, текстиль өндүрүшүндө, айнек иштеринде, медицинада ж. б. пайдаланылат. Кыргызстандагы сурьма кендери: Кадамжай, Терек-Сай, Абшыр-Сай, КасанСай, Саба-Жарды ж. б. Кадамжай кенинен бөлүнүп алынган сурьма сапаты боюнча дүйнөлүк эталон катары эсептелинет.