АНТЕКЛИЗА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТЕКЛИЗА (анти... жана гр. klisis – ийүү) платформадагы жер кыртышын түзүүчү катмарлардын кеңири аянтта узак убакыт бою жогору көтөрүлүүсүнөн пайда болгон капталдары бир аз эңкейиш тарткан тектоникалык структура. Анын пайда болушу бир нече геол. мезгилге чейин созулат. Көтөрүнкү жериндеги чөкмө тоо тек катмарларынын калыңдыгы жукарып, платформанын фундаменти жер бетине жакын жатат. Мис., Орус платформасындагы Волга - Урал, Воронеж, Белорус А-лары ж. б.