АНТАРКТИКАЛЫК КЛИМАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТАРКТИКАЛЫК КЛИМАТ– Антарктиданын

жана аны чулгаган океан мейкиндиктеринин климаты. Материктин климаты өтө катаалдыгы (кышында абанын темп-расы –60...–70°Сден төмөн болуп, жылына 100 ммден аз жаан-чачын жаайт), аба ырайында антициклондук режимдин үстөмдүк кылышы менен өзгөчөлөнөт. Жээктеринде жайкы темп-pa 0°Сге чейин жетет. Океан мейкиндигинде атм. басым өтө өзгөрүлмөлүү келип, ургаалдуу циклондук аба агымдары жаан-чачын жана катуу шамалдарды пайда кылат.