АННАМ ТООЛОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:01, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АННАМ ТООЛОРУ Чыонгшон – Вьетнам менен Лаостогу тайпак тоо. Индикытай ж. а-нын чыгыш бөлүгүнөн орун алган. Уз. 1300 м, туурасы 300 км. Бийикт. 3280 мге чейин. А. т-нун түн. бөлүгү акиташ, кумдук, түштүгү базальт тоотектеринен түзүлгөн. Тоонун деңиз тарабы жылга-жыбыттуу, ички бөлүгү жапыз дөңсөөлү. Меконг, Сонгба, Лагна өңдүү ири дарыялар агып чыгат. Too арасындагы түздүктөрдө саванна, капталдарында тропик токойлору (пальма, бамбук, родедендрон), бийик тоолордо жазы жалбырактуу токойлор (эмен, каштан, кызыл карагай) өсөт.