АНИМАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:07, 18 Июль (Теке) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНИМАЦИЯ (Animation) – графиктик сүрөттөлүштөрдү кыймылдатуу, жылдыруу. Ал негизги графиктик сүрөттөлүштүн жөнөкөй кыймылынан майда-чүйдөсүнө чейинки комплекстүү кыймылынын татаал процесстерин түзүүгө жөндөмдүү. «Шрек», «Подводная братва» кинолору жана башка тартылган мультфильмдер, жүгүртмө саптагы (бегающая) жарнамалар анимациянын эң жакшы мисалдары боло алат. Мультимедиа колдонмолорунда анимация текст менен графикке караганда маалыматты ачыгыраак көрсөтөт. Жаңылыктардагы же спорттогу эсеп тексттери да кыймылдатылып көрсөтүлөт жана ал тармак оюндарынын (сетевой оюндар) көбүндө колдонулат.