АНДРОМЕДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:53, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНДРОМЕДА (Andromeda) – асман сферасынын Түндүк жарым шарындагы топ жылдыз. Ал топ жылдызга тушма-туш Андромеда тумандуулугу жайгашкан. Байыркы гректер тапкан 48 топ жылдыздын бири. Эфиопия падышасынын кызынын атынан аталган. Андромеда топ жылдызынын а, b жана g жылдыздары күзүндө жакшы көрүнүп, Андромеда жана Керген сабаа топ жылдыздарын иликтөөгө жакшы багыт берет. Андромеданын a жылдызы – Керилген сабаа топ жылдызынын да а жылдызы.