АНДРОМЕДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:09, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНДРОМЕДА (Andromeda) – асман сферасынын Түндүк жарым шарындагы топ жылдыз. Ал топ жылдызга тушма-туш А. тумандуулугу жайгашкан. Байыркы гректер тапкан 48 топ жылдыздын бири. Эфиопия падышасынын кызынын атынан аталган. А. топ жылдызынын а, b жана g жылдыздары күзүндө жакшы көрүнүп, А. жана Керген сабаа топ жылдыздарын иликтөөгө жакшы багыт берет. А-нын a жылдызы – Керилген сабаа топ жылдызынын да а жылдызы.