АНДРЕЕВ Юрий Николаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНДРЕЕВ Юрий Николаевич (7. 8. 1933-жылы туулган) - геолог, Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972). Ростов мамлекеттик университетинин геология факультетин бүтүргөн (1957). Кыргыз геологиялык башкармасынын Түштүк Кыргызстан геологиялык экспедициясында геолог (1957-73), башкы геолог (1973-76) болуп иштеген. Кыргызстандагы сымаптын ири кенин чалгындоо жумуштарына активдүү катышкан.