АНДАШ ЖЕЗ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНДАШ ЖЕЗ КЕНИ – Талас районунда, Кыргыз Ала Тоосунун түштүк капталында, Каракол суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2600 м бийиктикте жайгашкан. 1956-жылы табылып, 1982–85-жылдарда издөө жана 1986–88-жылдарда баа берүү жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын палеозойдун чөкмө тектери жана аны жиреп чыккан гранит-диорит интрузиясы түзөт. Кенташ ордовик жана силур мезгилдеринин кумдук, сланец тектери менен гранит-диорит интрузиясынын кошулган жериндеги брекчияланып, серпентиниттешип, хлориттешип өзгөргөн тилкесинде топтолгон. Кенташ (руда) тулкусу тарам, линза түрүндө жатат. Негизи минерал дары: халькопирит, малахит, пирит, халькозин, галенит ж. б.; компоненттери: жез, алтын. Жездин кенташтагы өлчөмү – 0,36%, алтындыкы 1,83 г/ти Божомолдуу ресурсу: жездики 29953 т,алтындыкы 15 т.