АНДАРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:25, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНДАРАК (тажикче – дарактуу жер) – Баткен обл-нун Лейлек р-ндагы кыштак. Сумбула айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Исфана ш-нан 11 км түш.-батыш тарапта. Пролетарок темир жол бекетинен (Тажикстан) 56 км. 1870-ж. отурукташкан. Деңиз деңг. 1640 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 5746 (2009); негизинен тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүдө ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, дарыкана, кафе, чайкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.