АНДАМАН ДЕҢИЗИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНДАМАН ДЕҢИЗИ – Инди океанындагы жартылай туюк деңиз. Индикытай, Малакка аралынын, Андаман жана Никобар аралдары тизмегинин жана Суматра аралынын аралыгында. Бирма, Таиланд, Индонезиянын жээктерин чулгап турат. Аянты 605 миң км2. Эң терең жери 4507 м. Суусунун температурасы 26–29°С, туздуулугу 31,5 –32,5%о (жайында), 30,0–32,0%о (кышында) чейин. Суткасына 2 жолу деңиз ташкыны болот (7,2 мге чейин). Негизги порттору: Янгон, Жоржтаун.