АНДАМАН ДЕҢИЗИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:56, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНДАМАН ДЕҢИЗИ– Инди океанындагы жартылай туюк деңиз. Индикытай, Малакка

а-нын, Андаман жана Никобар а. тизмегинин жана Суматра а-нын аралыгында. Бирма, Таиланд, Индонезиянын жээктерин чулгап турат. Аянты 605 миң км2. Эң терең жери 4507 м. Суусунун темп-расы 26–29°С, туздуулугу 31,5 - 32,5%о (жайында), 30,0–32,0%о (кышында) чейин. Суткасына 2 жолу деңиз ташкыны болот (7,2 мге чейин). Негизги порттору: Янгон, Жоржтаун.