АНДАЛУЗИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(Испаниядагы Андалузия

провинциясынын атынан) – минерал, силикаттар классына кирет. Хим. формуласы Al2Si205. Ромб сингониясында кристаллданат. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 6,5–7,5, тыгыздыгы 3130- 3160 кг/м3. С. салм. 3,16-3,21. Өңүбоз, кызгылт боз, кызгылтым, кээде түссүз. Айнек сымал жалтырак, отко чыдамдуу. А. метаморфизмделген сланецтер м-н гнейстерде жолугат. Отко чыдамдуу керамикалык жука буюмдарды жасоодо пайдаланылат. Андан жогорку сапаттагы алюминий металын да алууга болот.