АНГОБ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:31, 22 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГОБ (фр. engobe) – карапа буюмдарынын сыртын жылмалоо ж-а ага кандайдыр бир түс берүү үчүн (бышырганга чейин) жалатылган ак же түстүү чопо катмары. Көп учурда ак түстөгү ангоб пайдаланылат. Анын негизги максаты – материалдын структурасын же түсүн жашыруу ж-а буюмдун бетине жаткырылган глазурдун боёгун ачык көрсөтүү. Ангоб айрыкча түстүү буюмдарды кооздоп жазууда боёочу материалдардын ордуна колдонулат, к. Сграффито.