АНГОБ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(фр. engobe) – карапа буюмдарынын

сыртын жылмалоо ж-а ага кандайдыр бир түс берүү үчүн (бышырганга чейин) жалатылган ак же түстүү чопо катмары. Көп учурда ак түстөгү А. пайдаланылат. Анын негизги максаты - материалдын структурасын же түсүн жашыруу ж-а буюмдун бетине жаткырылган глазурдун боёгун ачык көрсөтүү. А. айрыкча түстүү буюмдарды кооздоп жазууда боёочу материалдардын ордуна колдонулат, к. Сграффито.