АНГЛИЯ-САКСОНДУК ЖЕҢИП АЛУУЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:28, 5 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГЛИЯ-САКСОНДУК ЖЕҢИП АЛУУЛАР – 5-к-дын ортосунан баштап эле түндүк герман уруулары (англ, сакс, ют жана фриз) массалык түрдө Британиянын жээктерине барып отурукташып, ички райондоруна тереңдеп кире башташкан. Жергиликтүү кельт уруулары багындырылып, калгандары Шотландия, Уэльске жана континентке (азыркы Бретань) сүрүп чыгарылган. 6-к-дын аягында герман уруулары Британиянын көпчүлүк аймактарын каратып, ал жерлерде бир нече англ-саксондук королдуктар (Кент, Уэссекс, Суссекс, Эссекс, Чыг. Англия, Нортумбрия, Мерсия) пайда болгон. Кийинчерээк бул уруулардын даниялыктар, норвегиялыктар жана франциялык келгиндер менен жуурулушуусунун негизинде англичан эли калыптанган.