АНГЛИЯ-САКСОНДУК ЖЕҢИП АЛУУЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:21, 5 Май (Бугу) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
. 5-к-дын ортосунан баштап эле түн. герман уруулары (англ, сакс, ют ж-а фриз) массалык түрдө

Британиянын жээктерине барып отурукташып, ички райондоруна терендеп кире башташкан. Жерг. кельт уруулары багындырылып, калгандары Шотландия, Уэльске ж-а континентке (азыркы Бретань) сүрүп чыгарылган. 6-к-дын аягында герман уруулары Британиянын көпчүлүк аймактарын каратып, ал жерлерде бир нече англсаксондук королдуктар (Кент, Уэссекс, Суссекс, Эссекс, Чыг. Англия, Нортумбрия, Мерсия) пайда болгон. Кийинчерээк бул уруулардын даниялыктар, норвегиялыктар ж-а франциялык келгиндер м-н жуурулушуусунун негизинде англичан эли калыптанган.