АНГЛИЯ-АМЕРИКА СОГУШУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:51, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГЛИЯ-АМЕРИКА СОГУШУ – (1812–14). Англиянын АКШнын соодасын, экономикасын үзгүлтүккө учуратууга жана АКШнын башкаруучу чөйрөлөрүнүн Канаданы басып алып, өз ээликтерин кеңейтүүгө умтулушунун натыйжасында келип чыккан. Англия флотунун Американын кемелерин басып алышы согушка шылтоо болот. 1812-жылы 18-июнда АКШ Англияга согуш жарыялайт. Америкалыктар Эри (1813-жыл сентябрь), Шамплейн көлдөрүнүн жанында ири жеңиштерге жетишет. Ал эми англичандар деңиздеги күчүнүн көптүгүнөн пайдаланып, 1814-жылы 24-июлда АКШнын жээктерине аскер десантын түшүрүп, Вашингтонду басып алган жана шаардын көп бөлүгүн өрттөп жиберген. Согуш АКШнын көз каранды эместиги үчүн америкалыктардын жүргүзгөн күрөшүнө айланат да, америкалык аскерлер бир топ жеңиштерге ээ болгон. 1814-жылы 24-декабрда согушту жыйынтыктаган Гент келишими боюнча согушка чейинки абал калыбына келтирилген.