АНГЛЕЗИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:50, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГЛЕЗИТ [алгачкы жолу табылган Англси аралынын (Улуу Британия) атынан], коргошун купоросу – минерал, сульфаттар классына кирет. Химиялык формуласы Pb(S04). Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү ак келип, саргыч же жашыл түстөр кошумчаланып турат. Алмаз сымал жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2,5–3, тыгыздыгы 6380 кг/м3. Салыштырма салмагы 6,4. Негизинен коргошун, цинк, сульфид кендеринин кычкылдануу зоналарында галениттин өзгөрүшүнөн пайда болот. Англезит – коргошундун негизги кенташы (рудасы).