АНАФЕМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАФЕМА (гр. anathema – каргыш) – кудайдын атынан каргоо, эң жогорку жаза катарында чиркөөдөн чыгаруу. Халкиндондо бүткүл ааламдык собордо киргизилген. Ал ар түрдүү тармактагы чиркөөлөр тарабынан саясий максат үчүн диний террордук курал катары прогрессивдүү, демократтык кыймылдарга каршы колдонулган. Россиялык православиялык чиркөөдөн: И. И. Болотников, С. Т. Разин, Е. И. Пугачев, декабристтер ж. б. А. алышкан. 1918-ж. патриарх Тихон Совет бийлигин А-га берген. Азыркы мезгилде Ватикан саясий ж-а идеол. кысым көрсөтүш үчүн колдонот. Чиркөөдөн башка кыймыл м-н байланышса динчилдер да чыгарылат.