АНАНЬЕВ Николай Яковлевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 30 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАНЬЕВ Николай Яковлевич [06 (19). 11. 1912, Россия империясы, Жети-Суу (азыркы Ысык-Көл) облусу, Сазановка кыштагы (азыркы Ананьев) – 16. 11. 1941, РСФСР, Москва облусу, Волокаламск району, Дубосеково темир жол айрыгы] – Советтер Союзунун Баатыры (1942). 1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылганга чейин Ысык-Көл районундагы Сазановка кыштагында колхозчу болуп иштеген. Фронтто Н. Я. Ананьев Батыш фронтуна (командир армиянын генералы Г. К. Жуков) караштуу 316-аткычтар дивизиясынын (командири гвардиянын генерал-майору И. В. Панфилов) 1075-аткычтар полкунун (командири полковник И. В. Капров) алдындагы 4-ротада катардагы жоокер катары кызмат кылган. Полк Москва шаарын баатырдык менен немецтик-фашисттик баскынчылардан коргоп калган.

Файл:АНАНЬЕВ 2 68.png

1941-жылы 16-ноябрда душман Москваны көздөй чабуулга өткөндө, Волоколамск шоссеси багытындагы атактуу 28 панфиловчулардын катарында Дубосеково темир жол айрыгын коргоо учурунда эрдик көрсөтүп, курман болгон. Сөөгү Нелидов кыштагына жакын жерге коюлган. Н. Я. Ананьев туулган жер 1942-жылдан Ананьев кыштагы деп аталат.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славыновые факты, имена. Б., 2025.