АНАНД Вишванатан

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:21, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАНД Вишванатан (11.12.1962-ж.т., Мадрас) – индиялык шахматчы, эл аралык гроссмейстер (1988). ФИДЕнин дүйнөлүк чемпиону (2000), жаштар арасындагы мелдештин жеңүүчүсү (1987). 1991-жылдан дүйнөлүк мелдештердин катышуучусу. 1995-ж. Г. Каспаровго утулган (Нью-Йорк). Көптөгөн Эл аралык мелдештердин [Реджо-нель-Эшилия (1991–92), Линарес (1992 жана 1998) ж. б.] жеңүүчүсү. Дүйнө кубогунун (Кытай, 2000) жана эң мыкты шахматчыга ыйгарылуучу «Оскар» сыйлыгынын (1997, 1998, 2003 жана 2004) ээси. Москва (1994), Монако (1994), Женева (1996) ж. б. шаарларда өткөн тез ойнолуучу шахмат боюнча мелдештердин жеңүүчүсү.