АНАЛОГИЯЛУУ ОРГАНДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАЛОГИЯЛУУ ОРГАНДАР (гр. analogos - окшоштук) – ар башка систематикалык топко кирген организмдердин окшош органдары. Органдардын мындай окшоштугу аткарган кызматына байланыштуу. Алар организмдердин теги бир экендигин аныктоого негиз боло албайт. Анткени, алар аткарган кызматтары б-ча окшош болгону менен келип чыгышы б-ча айырмаланат. Алардын окшоштугу организмдердин бир экол. чөйрөгө ыңгайланышынын, б. а. конвергенциянын негизинде келип чыгат. Бир эле чөйрөдөгү ар башка топтун организмдеринин окшош органдары бири бирине көз карандысыз өөрчүгөн. Мис., сөөктүү жана кемирчектүү балыктардын дене жана сүзгүч канаттарынын окшоштугу же алардын дене формасына сүт эмүүчү дельфиндин денесинин окшоштугу ж. б.