АНАЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:04, 27 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАЛОГИЯ-(гр. analogia – окшоштук) – нерселердин жана кубулуштардын ортосундагы айрым окшоштуктар. Илимий ачылыштарда аналогия маанилүү ролго ээ. Философияда заттардын (кубулуштардын жана процесстердин) кандайдыр бир касиеттериндеги окшоштук. Логикада анын жардамы менен эки заттын айрым касиеттери окшош болсо, башка касиеттеринин да окшоштугу жөнүндө корутунду чыгарылат, корутундунун тууралыгын же натууралыгын билүү үчүн аны тажрыйбада текшерип сынап көрүү керек. Илимге бул түшүнүктү Аристотель киргизген. Р. Оуэн анын функциялык окшош катарын аныктаган.
Ш. К. Алиева.