АНАЛИЗДИК ТИЛДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:10, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАЛИЗДИК ТИЛДЕР – сүйлөмдөгү сөздөр өз ара сөздөрдүн грамматикалык формалары менен эмес, аналитикалык формалар: предлог, артикль сыяктуу жардамчы сөздөр, сөздөрдүн орун алуу тартиби, интонация аркылуу байланышкан тилдер (мисалы, англис, француз, жаңы перс, болгар ж. б. тилдер). Тилдерди аналитикалык жана синтетикалык деп бөлүштүрүү немец лингвисти А. Шлегель тарабынан алгач флексияланма тилдер үчүн сунуш кылынып, А. Шлейхер мындай бөлүштүрүүнү андан ары тереңдетүү менен агглютинативдик тилдерге карата да колдонгон.