АНАКСИМАНДР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАКСИМАНДР Милетский (б. з. ч. 610–546-жыл) – байыркы грек милет мектебинин өкүлү, философ, Фалестин шакирти, «Табият туурасында» деген философиялык чыгарманын автору. Анаксимандр тиричиликтин баштапкы негизи – биримдик, түбөлүк; айкындыгы жок нерсе – «алейрон», ал мейкиндик менен убакыттын чексиздигин гана көрсөтпөстөн, аң-сезимдин чексиздигин да көрсөтөт, апейрондун дайыма кыймылда болушунан тынымсыз карама-каршылыктар (жылуу менен суук, жарык менен караңгы) пайда болуп, ошолордун күрөшүнүн натыйжасында өзгөрүштөр болуп турат деген жана Ааламдын чексиздиги жөнүндө божомол айткан. Адам башка жандуулар сыяктуу балыктан жаралган деп, жаныбарлар дүйнөсүнүн чыгышын табигый – тарыхый көз караштан түшүндүргөн эволюция идеясын көтөргөн.

Ш.К.Алиева.