АНАБАПТИСТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:07, 4 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАБАПТИСТТЕР (гр. anabaptizo – кайра сууга салам, башкача айтканда кайра чокундурам) – 16-кылымда Швейцария, Германия, Австрия, Моравия жана Нидерландыда жаралган протестанттык кыймылдын жактоочулары. Алардын өзгөчөлүгү өз мүчөлөрүн экинчи жолу (аң-сезимдүү куракка жеткенде) чокундурушкан. Анабаптисттер чиркөөнүн башкаруу иерархиясын айыпташкан, мүлктү жалпыга таандык кылууга үндөшкөн. Крест жортуулуна (1524–26) катышкан. 1934-жылы Мюнстердик коммунаны түзүшкөн, бирок ал 1535-жылы католиктик аскерлер тарабынан талкаланган. Учурда анабаптисттердин ишин 3 протестанттык кыймыл (амиштер, гуттериттер, меннониттер) улантууда. Алардын 57 өлкөдө 730 миндей жактоочулары бар.