АМФИБОЛИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМФИБОЛИТ – көбүнчө амфибол жана плагиоклаздан турган, метаморфизделген тоотек. Курамында кээде гранат, эпидот, биотит, диопсид, кварц ж. б. катышат. Өңү кара, бозомук, кочкул жашыл. Амфиболит ар кандай магмалык (габбро, диабаз, базальт, туфтар ж. б.), ошондой эле карбонат чөкмө тоотектердин өтө метаморфизделишинен пайда болот. Амфиболиттер негизги кошумча минералдары боюнча – биотиттүү, гранаттуу, кварцтуу, кианиттүү, скаполиттүү, цоизиттүү, эпидоттуу ж. б. деп айырмаланат. Амфиболит майда кооз буюмдарды жасоо үчүн жана курулушта имараттарды кооздоодо пайдаланылат.