АМФИБОЛИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:19, 30 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМФИБОЛИТ– көбүнчө амфибол жана плагиоклаздан турган, метаморфизделген тоотек. Курамында кээде гранат, эпидот, биотит, диопсид, кварц ж. б. катышат. Өңү кара, бозомук, кочкул жашыл. А. ар кандай магмалык (габбро, диабаз, базальт, туфтар ж. б.), о. эле карбонат чөкмө тоотектердин өтө метаморфизделишинен пайда болот. А-тер негизги кошумча минералдары б-ча – биотиттүү, гранаттуу, кварцтуу, кианиттүү, скаполиттүү, цоизиттүү, эпидоттуу ж. б. деп айырмаланат. А. майда кооз буюмдарды жасоо үчүн жана курулушта имараттарды кооздоодо пайдаланылат.