АМУДАРЫЯ КАЗЫНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:45, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМУДАРЫЯ КАЗЫНАСЫ – Грек-Бактрия дооруна (б. з. ч. 4-2 к.) таандык эстелик. 1877-жылы Самарканддан Кундузга кеткен жолдогу Аму дарыянын кечүүсүнө жакын жерден табылган. Амударыя казынасынын табылгасы 179 алтын, 7 күмүш буюм, 1300 коло тыйындан турат. Бул табылга 1897-жылы Индия аркылуу «Британия» музейине жеткирилген.

Файл:АМУДАРЫЯ КАЗЫНАСЫ 54.png
Алтындан жасалган, атка чегилген араба.

Анда алтындан куюлган статуялар, билериктер, ат, араба, эчки, каз, балык ж. б. бар. Амударыя байыркы көчмөн сак жана скиф урууларынын жакындыгы бар экендигин далилдейт.