АМУ-ДАРЫЯ НЕФТЬ-ГАЗ БАССЕЙНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:01, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АМУ-ДАРЫЯ НЕФТЬ-ГАЗ БАССЕЙНИ  – нефть ж-а күйүүчү газ кендери жаткан ири аймак.Түркмөнстандын борб. ж-а чыгыш, Өзбекстандын батыш, Афганистан м-н Ирандын түн. бөлүктөрүндө 420 миң км2дей аянтты ээлейт. Алгачкы газ кендери 1953-ж. Түркмөнстанда (Сеталан-Дөбө), 1960-ж. Афганистанда (Етымтаг),1968-ж. Иранда (Хангиран) табылган. 200дөн ашуун нефть ж-а газ кендери белгилүү (2005). Алардын негизгилери:Түркмөнстанда – Шатлык, Даулетабад-Донмез, Байрам-Али, Ачак, Саман-Дөбө, Орто-Булак    .б.;Өзбекстанда – Газлин;Афганистанда – Кожо-Гугердаг, Жаркудук ж. б.;
Иранда – Хангиран юра ж-а мезгилдеринин газ-нефтилүү терриген ж-а карбонат чөкмө тек катмарлары 0,2-4 км тереңдикте Аму-Дарыя синеклизасын түзүп жатат. Газ кургак, метандуу,курамындагы N2 5%ке чейин, СОа – 4%, айрым H2S–6%. Нефть майда бүртүкчөлүү, парафиндүү (13% ке чейин), тыгыздыгы 770 – 900 кг/м3.