АМРИТСАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:43, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМРИТСАР – Индиянын түндүк-батышындагы шаар. Пенжаб (Панжаб) штатында. Калкы 1,2 млн (2011). Жолдор тоому. 1577-ж. Өлбөстүк көлүнүн (санскритче – амрита сарас) тегерегинде негизделип, сикхтердин башкы диний жана маданий борбору болгон. Aмритсар даикхтердин эң ыйык «Алтын храмы» (Харимандир; 16-18-к.) жайгашкан. «Алтын храм» 61-ж. кыйроого учурап, кийин кайра калыбына келтирилген, индустардын Дургиана храмы да бар. Амритсар - өлкөнүн өнөр жай жана соода борбору; текстиль, химиялык машина куруу, болот, прокат, кант өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк (килем токуу, металлдан, сөөктөн, булгаарыдан буюм жасоо) өнүккөн.

Р. Карачалова.