АМПЛИТУДАЛЫК МОДУЛЯЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:29, 4 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АМПЛИТУДАЛЫК МОДУЛЯЦИЯ – электрдик, мех. ж. б. термелүүлөрдүн амплитудасынын өзүнүн жыштыгынан төмөнкү жыштыкта мезгил-мезгили м-н өзгөрүшү. Ал негизинен  радиотехникада колдонулат. Анда үн термелүүлөрү үн жыштыгындагы электр термелүүсүнө айландырылып, радио бергич пайда кылуучу жогорку жыштыктагы термелүүнүн
темп-расын өзгөртөт. Мис., радиоберүүлөрдө үн  толкундары төмөнкү жыштыктагы электр термелүүсүнө (модуляция сигналына) өзгөртүлөт  да, ал радиобергич чыгарган жогорку жыштыктагы (негизги жыштыктагы) термелүүнүн  амплитудасын мезгил-мезгили м-н өзгөртүп  турат.