АМПИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:36, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМПИР (фр. empire – империя) – 19-кылымдын 1-чейрегиндеги архитектура жана жасалга өнөрүндөгү колдонмо стиль, классицизмдин акыры. Императорлук Римдин, грек архаикасынын, Байыркы Египеттин көркөм мурасына таянган келишимдүү монументтик бөтөнчө формалар жана жасалгалар (аскер эмблемалары, оймо-чийме) мамлекеттик күч-кубаттуулукту жана аскердик күчтү көрсөтүү максатында кызмат кылган. Ампир стили Наполеон 1нин империясынын мезгилинде Францияда пайда болуп, мемориал архитектурасы жана сарай интерьерлеринин шаңдуулугу менен айырмаланган (арх. Ш. Персье, П. Фонтен). Бир катар өлкөлөрдө ал наполеондук согушка каршы күрөштө жеңип алган мамлекеттин көз карандысыздыктын идеясын билдирген. Шаар куруунун, коомдук курулмалардын, шаардык жана чарбак үйлөрдүн (арх. А. Д. Захаров, А. Н. Воронихин, К. И. Росси, В. П. Стасов), монумент скульптуранын (И. П. Мартос, Ф. Ф. Щедрин) классикалык үлгүлөрүн берген орус ампири да улуттун энчиси болуп калды.

Файл:АМПИР 52.png
Ф. Жерар. «Наполеон Бонапарт короналык костюму менен». 19-к. Версаль музейи.
Файл:АМПИР 53.png
Мальмезон замогу. Чон Салон.