АМПИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 18 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМПИР (фр. empire – империя) – 19-кылымдын 1-чейрегиндеги архитектура ж-а жасалга өнөрүндөгү колдонмо стиль, классицизмдин, акыры. Императорлук Римдин, грек архаикасынын, Байыркы Египеттин көркөм мурасына таянган келишимдүү монументтик бөтөнчө формалар ж-а жасалгалар (аскер эмблемалары, оймо-чийме) мамл. күч-кубаттуулукту ж-а аскердик күчтү көрсөтүү максатында кызмат кылган. Ампир стили Наполеон 1нин империясынын мезгилинде Францияда пайда болуп, мемориал архитектурасы ж-а сарай интерьерлеринин шаңдуулугу м-н айырмаланган (арх. Ш. Персье, П. Фонтен). Бир катар өлкөлөрдө ал наполеондук согушка

каршы күрөштө жеңип алган мамл. көз карандысыздыктын идеясын билдирген. Шаар куруунун, коомдук курулмалардын, шаардык ж-а чарбак үйлөрдүн (арх. А. Д. Захаров, А. Н. Воронихин, К. И. Росси, В. П. Стасов), монумент скульптуранын (И. П. Мартос, Ф. Ф. Щедрин) классикалык үлгүлөрүн берген орус ампири да улуттун энчиси болуп калды.

Файл:АМПИР 52.png
Ф. Жерар. «Наполеон Бонапарт короналык костюму менен». 19-к. Версаль музейи.
Файл:АМПИР 53.png
Мальмезон замогу. Чон Салон.