АМПЕР ЗАКОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:02, 4 Май (Бугу) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– магнит индукциясынын вектору В м-н мүнөздөлгөн магнит талаасына жайгаштырылган I тогу өтүүчү өткөргүчтүн А1

бөлүгүнүн узундугуна таасир этүүчү мех. күчтү аныктоочу закон: F = kIB AI sin а , мында а магнит индукциясы м-н токтун элементинин IAI арасындагы бурч. Вектордук А. з. d,F = [Т<й ■ в\ түрүндө жазылат. Бул закон 1820-ж. ачылган. Фр. физиги Ампер F күчүнүн чондугу ток күчүнө (/) таасир эткен магнит талаасынын индукциясына (В) ж-а ток өтүп жаткан өткөргүчтүн магнит талаасын каптаган узундугуна (&1) пропорциялаш экендигин далилдеген. AF вектору ток өтүүчү өткөргүчкө ж-а магнит индукциясынын векторуна перпендикуляр болот. Ампер күчүнүн F багыты сол кол эрежеси м-н аныкталат. Ар ТҮРДҮҮ электр кыймылдаткычтар (моторлор), электр тогунун чоңдуктарын өлчөөчү приборлордун айрым түрлөрүнүн иштөөсү Ампер күчүнө негизделген.