АМПЕР-СААТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:49, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМПЕР-СААТ – электр санынын СИ системасынан тышкаркы бирдиги. Ал ток күчү 1 А болуп, өткөргүчтүн туурасынан кесилиш аянты аркылуу 1 сааттын ичинде өтүүчү электр зарядынын санына барабар. Ампер-саат эл аралык системада A-h, орусчасы А-ч, кыргызча AЧс деп белгиленет. Ампер-саат менен көпчүлүк учурда аккумулятордун электр заряды туюнтулат.