АМПЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:11, 21 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМПЕР – эл аралык бирдиктер системасындагы (СИ) ток күчүнүн бирдиги. А. вакуумда бири биринен 1 м аралыкта турган узундугу чексиз жана туурасынан кесилиш аянты эсепке алынбагандай болгон жарыш эки өткөргүч б-ча турактуу ток өткөндө, алардын ортосунда 2'10~7Н аракеттешүү күчүн пайда кылган ток күчүнүн бирдиги. СИдеги ток бирдиги франсуз окумуштуусу Ампердин ысмы менен аталып, А менен белгиленет.