АМПЕЛОГРАФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:10, 21 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМПЕЛОГРАФИЯ (гр. ampelos – жүзүм жана ...графия) – жүзүмдүн түрү жана сорту жонундөгү илим. Сырткы чөйрөнүн жана агротехникалык ыкманын таасиринен жүзүм түрүнүн жана сортунун белгилеринин өзгөргүчтүк мыйзам ченемдүүлүгүн А. изилдейт. Түрдүү аймакта өскөн жүзүм түрү жана сортунун белгилерин изилдөө сорт райондоштурууну илимий жактан иштеп чыгууга, селекция ишинде жүзүм түрү менен сортун туура пайдаланууга, ошондй эле тигил же бул сорт тобунун алынышы ж. б. аныктоого мүмкүндүк берет.