АМОРФТУК ТИЛДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:11, 14 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМОРФТУК ТИЛДЕР (гр. amorphos – мүчөлөбөс) – мүчөлөр жалгануу аркылуу өзгөрбөгөн, б. а. сөз өзгөртүүчү жана сөз жасоочу мүчөлөр жалганбаган тилдер. Мисалы, буга кытай, япон, вьетнам тилдери кирет. Бул тилдер түр, форма боюнча да өзгөрбөйт. Аморфтук тилдерде жөндөмө, жак, чак, сандык көрсөткүчтөрдү билдирбеген, формалдуу касиеттери көрүнбөгөн, грамматикалык катыштары менен сөздүн орун тартиптери аркылуу билине турган тилдердин түпкү уңгу түрү болот.