АМОРФТУК ТИЛДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМОРФТУК ТИЛДЕР (гр. amorphos – мүчөлөбөс) – мүчөлөр жалгануу аркылуу өзгөрбөгөн, б. а. сөз өзгөртүүчү жана сөз жасоочу мүчөлөр жалганбаган тилдер. Мис., буга кытай, япон, вьетнам тилдери кирет. Бул тилдер түр, форма б-ча да өзгөрбөйт. Аморфтук тилдерде жөндөмө, жак, чак, сандык көрсөткүчтөрдү билдирбеген, формалдуу касиеттери көрүнбөгөн, грамматикалык катыштары менен сөздүн орун тартиптери аркылуу билине турган тилдердин түпкү уңгу түрү болот.