АММОФОС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АММОФОС (аммиак ж-а фосфор) – кош азотфосфорлуу комплекстүү минералдык жер семирткич. Фосфор диаммоний фосфаты кошулган (10% ке чейин) моноаммоний фосфаттан
NH4H2P04 турат. Курамындагы азот аммоний сульфаты түрүндө болот, концент. семирткичтердин катарына кирет: N 11-12%, Р205 46-60%. Аммиакты фосфор к-тасы м-н нейтралдаштырып алышат: NH3 + Н3Р04 = NH4H2P04. Агрономиялык баалуулугу жогору, комплекстүү жер семирткичтердин эң таасирдүүсү. Түрдүү топуракта негизги ж-а кошумча жер семирткич катары  колдонулат, к. Комплекстуу жер семирткичтер.