АММОНИФИКАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:43, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АММОНИФИКАЦИЯ - азоттуу орг. кошулмалардын аммиакка чейин ажыроосу. Ал аэробдук ж-а анаэробдук микроорганизмдердин (бактериялар, актиномицеттер ж-а козу карындар) катышуусунда протеолит ферменттин таасири м-н  жүрөт. Бул процесс бардык топуракта, чөйрөнүн  ар кандай реакциясында, абада ж-а абасыз да болот. Бирок өтө кычкыл же жегичтүү чөйрөдө, анаэробдук шартта өтө жай болуп, анын ылдамдыгына топурак темп-расы, нымдуулугу ж. б. факторлор таасир этет. Анаэробдук шартта азоттуу орг. заттар аммиакка чейин ажырайт. Аэробдук шартта аммоний туздары нитраттарга чейин кычкылданат. Мында өсүмдүк азотту кыйындык м-н сиңүүчү аммоний, аммиак түрүндө сиңирет. Азоттун табиятта айлануусунда ж-а өсүмдүктөрдү азоттун сиңимдүү түрү м-н камсыз кылууда анын мааниси зор.