АММОНИЙЛЕШТИРИЛГЕН СУПЕРФОСФАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:23, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АММОНИЙЛЕШТИРГЕН СУПЕРФОСФАТ, (CaHP04+NH4H2P04) – курамында фосфор ж-а  азоту бар татаал минералдык жер семирткич. Жөнөкөй суперфосфатты суусуз аммиактын
эритмесине, аммиакка же аммиакаттарга каныктыруу жолу м-н алынат. Анда 14% фосфор, 2% азот болот. Сууда жакшы эрийт. Аралаш ж-а татаал жер семирткич алууда жакшы компонент. Кыргызстан дыйканчылык ИИИнин сугат жерде жүргүзгөн көп жылдык тажрыйбасы башка фосфор жер семирткичке караганда аны пайдаланганда кызылча, пахта, жүгөрү, картошка ж. б. тех. өсүмдүктөрдөн мол түшүм  алынаарын көрсөттү.