АММОНИЙЛЕШТИРИЛГЕН СУПЕРФОСФАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
,

(CaHP04+NH4H2P04) – курамында фосфор ж-а азоту бар татаал минералдык жер семирткич. Жөнөкөй суперфосфатты суусуз аммиактын эритмесине, аммиакка же аммиакаттарга каныктыруу жолу м-н алынат. Анда 14% фосфор, 2% азот болот. Сууда жакшы эрийт. Аралаш ж-а татаал жер семирткич алууда жакшы компонент. Кырг-н дыйканчылык ил.-из. ин-тунун сугат жерде жүргүзгөн көп жылдык тажрыйбасы башка фосфор жер семирткичке Караганда аны пайдаланганда кызылча, пахта, жүгөрү, картошка ж. б. тех. өсүмдүктөрдөн мол түшүм алынаарын көрсөттү.