АМИТОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:17, 2 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АМИТОЗ(а... ж-а mitos – жип) – интерфазалык ядронун хромосомаларды үзбөй туруп, байламта жолу м-н түз бөлүнүшү. Бул кубулуш митоздон тышкары жүрөт. А. клетканын толук бөлүнүшү м-н коштолушу мүмкүн. Айрым учурда  цитоплазма бөлүнбөстөн, ядронун бөлүнүшү  м-н эле бул кубулуш токтойт да, эки же андан  көп ядролуу клеткалар пайда болот. А. ар кандай адистешкен, жоголууга мажбур болгон ткандарда кездешет. Айрыкча сүт эмүүчүлөрдүн  түйүлдүк кабыкчасынын клеткаларында көп  жүрөт. А. жолу м-н пайда болгон бала клеткалар кайра митоздук циклге кошула албайт. Анда  ядро жөнөкөй бөлүнөт.