АМИН СПИРТТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:43, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМИН СПИРТТЕРИ, а м и н а л к о г о л д о р у – молекуласында амин жана гидрооксид топтору бар бирикмелер. Амин жана гидрооксид топторунун молекулада жайгашышына жараша а-, Р-, у – ж. б. болуп бөлүнөт. Аминдер сыяктуу эле биринчилик, экинчилик жана үчүнчүлүк амин топтору болот. Алар жогорку температурада кайноочу негиздик касиетке ээ, аммиак жыттанган, сууда эрүүчү, май сымал суюктуктар. Олефиндердин а-оксиддеринин аммиакты же биринчилик жана экинчилик аминдерди кошуп алуусунан, нитроспирттердин нитротопторун калыбына келтирүүдөн ж. б. жолдор менен алынат. Молекуласында гидрооксид жана аминтоптору болгондуктан алар спирттер менен аминдердин химиялык касиеттерине окшош болот. Практикада эң маанилүүсү – этаноламиндер. Алар С02ни өзүнө жеңил сиңирүүгө жөндөмдүү болгондуктан, газ тазалоодо, кездеме өнөр жайында жана кир жуугуч заттарды даярдоодо колдонулат.