АМБУЛАТОРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:54, 2 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АМБУЛАТОРИЯ (лат. ambulatorius – көчмө,төшөккө жатып калбаган) – элге ооруканадан    тышкары мед. жардам көрсөтүн, дарылоочу  ж-а ооруну алдын алуу иштерин жүргүзүүчү мекеме. А-лык жардам оорулуунун жашаган ж-а  иштеген жерине, кайсы мекемеге бекитилгендигине карата жүргүзүлөт. А-нын поликлиникадан айырмасы, мында хирургия, ички оорулар, тиш оорусу (айрым учурда төрөт ж-а аялдар оорусу, балдар оорусу) сыяктуу негизги адистиктер б-ча гана мед. жардам көрсөтөт. А. оорукана м-н бирге же өзүнчө болот. Мында дарылоо иштеринен тышкары ооруну алдын алуу чаралары, санит. агартуу ж. б. иштер  кеңири жүргүзүлөт. Элге көрсөтүлгөн бардык
мед. жардамдардын көбү айылдык А-лык мекемелер болгондуктан, алардын мааниси чоң, к. Саламаттык сактоо.